ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
2018-жылдын 07-декабры №16/2
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу мектептерди жабдуу менен камсыздоо, жайыт комитетинин атайын техникасынын өздүк салымына жана жаңы-жыл майрамына карата үчүн 2018-жылдын бюджетинен кошумча каражат бөлүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Жаңы-Жол айыл айыл аймагына мектептерди жабдуу менен камсыздоо, жайыт комитетинин атайын техникасынын өздүк салымына жана жаңы-жыл майрамына карата үчүн 2018-жылдын бюджетинен кошумча каражат бөлүү жөнүндө, ФЭБ башчы Уркунбай уулу Нуралынын жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин V11-чакырылышынын кезектүү ХVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу мектептерди жабдуу менен камсыздоо, жайыт комитетинин атайын техникасынын өздүк салымына жана жаны-жыл майрамы үчүн,айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын бюджетинин эсебинен 375541 (уч жүз жетимиш беш миң беш жүз кырк бир) сом, акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Раздел___70629 -3111 статьясынан 100.0 (жүз миң) сом Раздел 70111-3112 статьясына, ал эми Раздел 70111-2221 статьясынан 55.0 (элүү беш миң) сом Раздел 70921-3111 статьясына,ал эми Раздел _70629-2222 статьясынан 25.0 (жыйырма бешмиң) сом Раздел 70823-2215 статьясына акча каражаты жылдырылсын. Атайын каражатынан 40.0 (кырк миң) сом Жаны-Жол айыл аймагынын Терс айылындагы Кожобеков орто мектебинин электр кыймылдаткычын сатып алууга жумшалсын.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2017-жылдын 1 марттын №131 токтомуна негиз айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине эмгек акы фондунан үнөмдөлгөн 155 541 сом (жүз элүү беш миң беш жүз кырк бир) сом акча каражаты түрткү төлөм катары төлөп берилсин.
3. Жогорудагы акча каражатын мыйзамдуу жана максаттуу чыгымдоо жагы ФЭБ башчысынын Үркүнбай уулу Нуралыга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
5. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Тѳрага | Н.Калпаков |
|
|