Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-октябры №76
Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөту менен жайыт комитетинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү Типтүү келишими боюнча Жайыт комитетинин төрайымы Тухтасинова Ш.нын маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөтү менен жайыт комитетинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү Типтүү келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин мамлекеттик мыйзамдуулук, коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага | О. Баховотдинов |
|
|