Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 08-декабры №77
Бешкент айыл Окмотунун аймагындагы социалдык мекемелерди, калкты 2017 – 2018 жылдарынын күз – кыш мезгилдеринде отун – көмүр менен камсыздоо жөнүндө финансы бөлүмүнүн башчысы Эргашев Б нын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл Өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият мекемелерин, калкты 2017 – 2018 жылдын күз – кыш мезгилдеринде отун – көмүр менен камсыздоо иштери жакшы даярдыкта экендиги, ушул мекеме – уюмдардын бүгүнкү күндө 80% көмүр менен камсыз болгондугу көнүлгө алынсын.
2. Бешкент айыл аймагында калкты арзандатылган көмүр менен камсыздоо үчүн кээ бир айылдарда ачылган көмүр сатылуучу жайларга, аймактагы жеке ишкерлерге көзөмөл күчөтүлсүн.
3. Бешкент айыл аймагындагы калктын аялуу катмарына, майыптарга, жалгыз бой адамдарга, бир үйдө эки майып адамдары бар үй – бүлөлөргө отун – көмүрдү өз убагында алып берүүнү уюштуруу айыл Өкмөтүнүн соц. маселелер боюнча башкы адиси Отакишиев Н га милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин экономика, план бюджет жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | О. Баховотдинов |
|
|