Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 08-декабры №78
Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн алдындагы Аксакалдар Сотунун төрагасы Муминов А нын маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн алдындагы Аксакалдар Сотунун жыл ичинде жүргүзгөн иши канаатандырарлык деп табылсын.
2. Аксакалдар Сотунун мурдагы курамына өзгөртүүлөр киргендигине байланыштуу мындан ары берилген ар кандай маселелерди чечүүнүн үстүндө иштөө жагы төрага Муминов А га милдеттендирилсин.
3. Эл ичинде болуп жаткан ар кандай тартип бузуулар, үй – бүлөлүк чыр, жер талаш маселелери өз убагында чечип аны протоколго түшүрүп иш кагаздарын тартипке келтирүү жана бул маселелерде Аялдар Кеңеши жана жаштар уюму менен ошондой эле укук коргоо органдары менен биргелешип иштөө жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин мамлекеттик мыйзамдуулук, коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага | О. Баховотдинов |
|
|