Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 08-декабры №81а
Бешкент айыл Өкмөтүнүн башчысы Мусаев Кубатбектин 2017 – жылдын 08 декабрындагы №586 чыгыш сунуш катын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызматтык автоунаасы жараксыз абалдагы НИВА автоунаасынын документтери такталып сатыкка коюлууга макулдук берилсин.
2. Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызматтык автоунаасы болгон 2008 – жылда алынган, эскилиги жеткен НИВА автоунаасы сатылсын жана андан түшкөн акча Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кириштелсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика муниципиалдык менчик айыл чарбасы инвестиция ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага | О. Баховотдинов |
|
|