Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-январы №87
Бешкент айыл Өкмөтүнүн жер жана турак – жай боюнча башкы адиси Артыков И нин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл аймагынын элин турак жай менен камсыз кылуу максатында айыл Өкмөтүнүн жер жана турак – жай боюнча бөлүмүнүн аткарган иштери канаатандырарлык эмес экендиги белгиленсин.
2. Бешкент айыл аймагынын элин турак – жай менен камсыз кылууда жарандарга тамарка участкаларын берүүнү даярдоо иштеринде кемчиликтер, тамарка участогун берүү ишиндеги кечигүүлөр, документтердин бутпөй жатуусу сыяктуу кемчиликтерди жөнгө салуу жер боюнча башкы адис Артыков И ге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет, экономика муниципиалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | О. Баховатдинов |
|
|