Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-январы №90
Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы Мусаев Кубатбектин ветеринардык эмдөөлөрдүн жана ветеринардык изилдөөлөрдүн иш чараларын аткарууда ветеринардык адистердин кызмат акылары жөнүндөгу сунущун угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл аймагындагы айылдарда малдардын жана канаттуулардын жугуштуу ылаңдарына каршы алдын алуу эмдөө иштерин жана ветеринардык изилдөөлөрдүн иш – чараларын аткарууда ветеринардык адистердин кызмат акылары тиркемедегидей бекитүүгө макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бешкент айыл Өкмөтүнүн ветеринардык инспектору Хамраев Ага бекитилсин тиркемедеги ветеринардык адистердин кызмат акылары боюнча иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика муниципиалдык менчик айыл чарбасы инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага | О. Баховатдинов |
|
|
Малдардын жана канаттуулардын жугуштуу ылаңдарына каршы алдын алуу эмдөөлөрдүн жана ветеринардык диагностикалык изилдөөлөрдүн иш чаралары.
Эмдөө (вакцинациялоо) – 2018 жылдан баштап Сибир кулгунасы (Сибирская язва), Кул оорусу (Оспа овец и коз), Шарп оорусу (Ящур), Кутурма оорусу (Бешенство), Кургак учук оорусу (Туберкулёз), Бруцеллёз оорусу (Бруцеллёз Рев – 1 ), Кара өпкө оорусу (Чума – мрс), ылаңдарына каршы вакциналар мамлекеттик бюджет тарабынан каржыланат. Ал эми ветеринардык кызмат көрсөтүү мал ээлеринин эсебинен жүргүзүлөт.
Мамлекеттик бюджет тарабынан каржыланбаган вакцинациялоо, дарылоо, дегельминтизация, акушердик – гиникологиялык жана хирургия иштери боюнча ошондой эле транспорттук чыгымдар, мал ээлери менен вет. адистердин өз ара келишим аркылуу жүргүзүлөт.
1. Кутурмага каршы эмдөө плановый бир баш итке 150 сом, аргасыздан эмдөө бир баш итке 50 сом, бир баш бөдө малга 40 сом, кой – эчкилерге бир башыга 25 сом.
2. Шарп оорусуна плановый эмдөө бир баш бөдө малга 30 сом, аргасыздан эмдөө Шарп оорусуна бир баш бөдө малга 30 сом.
3. Кара өпкөгө (чума – мрс) плановый эмдөө бир баш , кой – эчкиге бир жылдык вакцина колдонулса 15 сом, уч жылдык вакцина колдонулса бир баш кой эчкиге 15 сом.
4. Бруцеллёз жана Оспа ылаңына алдын ала эмдөө бир баш кой – эчкиге 15 сом.
5. Туберкуллёз (туберкуленизация) бир баш бөдө малга 40 сом.
6. Сибирская язвага эмдөө бир баш бөдө малга 30 сом, кой – эчкиге бир башка 15 сом.
Клиникалык осмотр жана ветеринардык коштомо документ беруу:
Бөдө малдарга, кой – эчкилерге, жылкыларга (бир бланкага) малдын башы чектелбейт бланкага сыйганыча: Бөдө малга өзүнчө, койго өзүнчө, эчкиге өзүнчө коштомо документ жазылат, бир бланкага мал ээси 50 сом төлөйт.
Арам өлгөн малага патологоанатомиялык вскрытие жана коштомо докумет беруу:
Жылкы жана бөдө малга 80 сом, кой – эчкиге бир башына 50 сом, тоок 10 сом.
Бешкент айыл Өкмөтүнүн вет.инспектору: Хамраев А.Н.