Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын 27 сессиясы
2016-жылдын 12-ноябры № 27-3
Арбын айылындагы Арбын орто мектебине откана куруу жана капиталдык оңдоп түзөө иштерине үлүштүк гранттарга жазылган долбооруна кетүүчү өздүк салымга акча каражатын ажыратып берүү тууралуу
Айыл өкмөтүнүн Арбын айылындагы Арбын орто мектебине откана куруу жана капиталдык оңдоп түзөө иштерине үлүштүк гранттарга жазылган долбооруна кетүүчү өздүк салымга айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын ажыратып берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 18-беренесинин 21-пунктуна, 31-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына таянып Кеңеш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Арбын айылындагы Арбын орто мектебине откана куруу жана капиталдык оңдоп түзөө иштерине үлүштүк гранттарга жазылган долбооруна кетүүчү өздүк салымга акча каражатын ажыратып берүү жагы 2017-жылдын бюджетинен 142000 сом каралып берилсин.
2. Каралган акча каражатын таап берүү жагы ФЭБ нүн башчысы А. Мадраимовко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | М. Ташбаев |