Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-февралы №95
Бешкент айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы Джумабаева Т.М нын чарбалык китептердеги маалыматтарды электрондук программага киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөтүндө чарбалык китептеги элдердин маалыматтарын электрондук «Айыл» программасына киргизүү жана тактоо ишине 10 000 ( он мин) сом акча каражатын Бешкент айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Каржылоону камсыз кылуу Бешкент айыл Өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Эргашев Б га тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет, экономика, айыл чарбасы, ишкердик иш, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага | О. Баховатдинов |