Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-апрели № 101
Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын 2017 – жылдын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген коллегиясынын отурумунда Бешкент айыл Өкмөтүнүн башчысы Мусаев Кубатбектин дарегине айтылган сын жана ишинде бир топ кемчиликтердин орун алгандыгын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын 2018 – жылдын 12 – февралындагы сунуш катында көрсөтүлгөн Бешкент айыл Өкмөтүнүн башчысы Мусаев Кубатбектин дарегине айтылган сын жана ишинде бир топ кемчиликтердин орун алгандыгы үчүн эскертүү жарыялоо Лейлек райондук мамлекеттик администрациясына сунуш кылынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин мамлекеттик мыйзамдуулук, коомдукк тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | О. Баховатдинов |