Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-апрели № 106
Жайыт жерлерин сел коркунучтарынан сактоо үчүн жайыт жерлерине эгилген бадам, мисте жана саксуал өсүмдүктөрүн эгүү жана аларды малдан коргоо максатында Бешкент айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл аймагында жайыт жерлеринин кыртыштын сел алуу коркунучунан сактоо үчүн жайыт жерине А.Юлдашевдин демилгеси менен эгилген бадам, мисте жана саксуал өсүмдүктөрүн малдан коргоо максатында ар бир кирген мал үчүн 200 сомдон жазана алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин мамлекеттик мыйзамдуулук коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | О. Баховатдинов |