Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-майы № 108
Бешкент айыл аймагында жазгы талаачылык иштеринин жүрүшү туралуу Бешкент айыл Өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча жетектөөчү адиси Мехмонов Д нын маалыматын угуп жанан талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл аймагында жазгы талаачылык жумуштарынын абалы, эгүү – тигүү иштеринин канаатандырарлык экендиги көңүлгө алынсын.
2. Айыл аймагынын жашоочуларынын кайрак жерге эгилүүчү эгиндерди мол экендиги менен элди азык – түлүк менен камсыз кылуу иштерин көзөмөлдөө айыл Өкмөтүнүн жер жана турак жай адистерине милдеттендирилсин.
3. Эгиндерди суу менен камсыздоо, жаз келгендигине байланыштуу арык – каналдардын тазалануусун, суу бөлүштүрүү иштерин жогорку денгээлде уюштуруу СПА нын жетекчилерине тапшырылсын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага | О. Баховатдинов |