Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-майы № 109
Бешкент айыл аймагында айыл элинин саламаттыгын сактоодо медициналык мекемелерде жана участкалык ооруканаларда тейлөө иштерин жакшыртуу боюнча, ГСВ башчыларынын, участкалык оорукананын башчысы Мадалиев О нын маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду жалпы дарыгерлер бөлүмүнүн Бешкенттеги бөлүмүнүн адистеринин айыл аймагынын ГСВ жана ФАП тарынын элдин саламаттыгын сактоодо жүргүзүп жаткан иштери канаатандырарлык деп табылсын.
2. Бешкент участкалык ооруканасында ГСВ, ФАП тарда элдин саламаттыгын сактоодо жетишилген ийгиликтер менен бирге орун алган кемчиликтердин бар экендиги, бир топ маселелердин чечилбей жаткандыгы атап айтканда адис врачтардын жетишпестиги, койкалардын санынын аздыгы сыяктуу көйгөй маселелерди чечуу башкы врач Мадалиев О жана ГСВ лардын башчыларына жүктөлсүн.
3. Айыл аймагында ооруканада, ГСВ жана ФАП тарда медициналык тейлөө боюнча Улуттук Программаларды ишке ашырууда кетирилген кемчиликтерден жыйынтык чыгаруу жагы тиешелүү адистерден суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин социалдык маселелер, медицина, билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | О. Баховатдинов |