Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-майы № 110
Бешкент айыл аймагын көрктөндүрүү иштери боюнча Бешкент айыл Өкмөтүнүн экономист – статисти Дадабоев К нын маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл аймагындагы бардык мекеме ишканалардын, мектептердин, ооруканалардын, контора – офистердин территориясын жана айылдардын жашылдандыруу иштеринин абалы канаатандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Бешкент айыл аймагында Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын жана Бешкент айыл Өкмөтүнүн көрктөндүрүүнүн, тазалануунун жана жашылдандыруунун 3 – айлыгын жарыялоо боюнча буйруктары чыккандыгына байланыштуу ар ишемби сайын ишембиликтер өткөрүлүп, анын жыйынтыгын жогорку органдарга жеткирүү айыл Өкмөтүнүн экономист – статисти Дадобоев К га тапшырылсын.
3. Айылдарды жашылдандыруу иштеринин жүрүшү, социалдык – маданий объектилерди, ишкана, мекеме – уюмдардын имараттарын актап, сырдап оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин экономика, бюджет, жана айыл чарбасы, инвсетиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | О. Баховатдинов |