Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №XVII-3
Ноокат шаарында райондук денгээлде өтүүчү жаңы жылдык салтанатка карата Ноокат шаарынын аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон жана жарым жетим, тоголок жетим балдарга жаны жылдык белек сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарында райондук денгээлде өтүүчү жаңы жылдык салтанатка карата Ноокат шаарынын аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон жана жарым жетим, тоголок жетим балдарга жаны жылдык белек сатып алуу үчүн 710 бөлүмүнүн 2721-беренесинин эсебинен 127 000 (жүз жыйырма жети миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Гафаров |