Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №XVII-4
Кыргыз Республикасынын желегин орнотуудагы кошумча жумушуна, Кара-Турпак участкасындагы ФАПтын проект сметалык документациясын жасатууга жана технадзор кызматына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен:
-Кыргыз Республикасынын желегин орнотуудагы кошумча жумушуна 200 000 (эки жүз миң) сом;
-Кара-Турпак участкасындагы ФАПтын проект сметалык документациясын жасатууга (ПСД) 100 000 сом (жүз миң) сом;
-Технадзор кызматына 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Гафаров |