Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №XVII-5
Кыргыз Республикасынын желегин орнотууга, проект сметалык документациясын жасатууга жана В.И.Лениндин айкелин реконструкциялоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен:
-Кыргыз Республикасынын желегин орнотууга 169 804 (бир жүз алтымыш тогуз миң сегиз жүз төрт) сом;
-Проект сметалык документациясын жасатууга 80 000 (сексен миң) сом;
-В.И.Лениндин айкелин реконструкциялоого 2 848 (эки миң сегиз жүз кырк сегиз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Гафаров |