Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №XVII-10
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Гафаров |
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-10 токтомуна №1 тиркеме
|
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-10 токтому менен бекитилген
|
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Жобо шаардык аймактын чегинде жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын изилдөө боюнча биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (мындан ары – БМ ж Б Тобу) ишмердүүлүгүнүн мазмунун жана тартибин аныктайт.
1.2. БМ ж Б Тобу жергиликтүү жамаатка берилген кызмат көрсөтүүнүн/жумуштардын сапатына мониторингдик изилдөө жүргүзүү максатында түзүлөт.
1.3. БМ ж Б Тобунун мүчөлөрүнүн курамы ыктыярдуу негизде түзүлөт, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, тартылган адистер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер жана жергиликтүү жамааттын жашоочулары кирет.
1.4. БМ ж Б Тобу өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча шаар мэрына, шаардык кеңештин төрагасына жана жергиликтүү жамаатка отчет берет. Отчеттуулуктун формасын Топтун мүчөлөрү аныкташат.
2. БМ ж Б Тобунун компетенциясы
2.1. БМ ж Б Тобунун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
- кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоо;
- кызмат көрсөтүүнүн кабыл алынган стандарттарга шайкештигин баалоо;
- колдонулган ресурстардын сапатын баалоо;
- комплекстүү анализ жана баалоо.
2.2. БМ ж Б Тобунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана натыйжалуулугуна мониторингдик изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- процесске жана жетишилген максаттардын эффективдүүлүгүнө анализ жүргүзөт;
- алынган жыйынтыктарды иштетет жана аларга анализ жүргүзөт;
- сунуштамаларды иштеп чыгат;
- жыйынтыктарды жыйналыштарда талкуулайт;
- мониторингдин жыйынтыктарына эсеп жүргүзөт.
2.3. БМ ж Б Тобунун укуктары:
- кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдөн маалымат алууга;
- БМ ж Б Тобунун компетенциясына кирген изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн айыл өкмөт башчысынан жана кызматкерлеринен зарыл документтерди жана материалдарды алууга укуктуу.
2.4. Шаар мэрына, шаардык кеңештин төрагасына жана жергиликтүү жамаатка мониторингдик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын берүүгө укуктуу.
3. БМ ж Б Тобунун мүчөлөрү.
3.1. БМ ж Б Тобунун мүчөлөрү укуктуу:
- БМ ж Б Тобунун иш процессинде өз каалоолорун, шектенүүлөрүн, тыянактарын айтууга;
- БМ ж Б Тобунун каалаган кызыктырган мезгили ичинде ишинин абалы жана жыйынтыктары жөнүндө маалымат алууга;
- БМ ж Б Тобунун курамынан каалаган учурда чыгууга.
3.2. Мониторинг тобунун мүчөлөрүнүн милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана БМ ж Б Тобу жөнүндө ушул Жобонун алкагында иш жүргүзүүгө;
- топтун жетекчисине өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду берүүгө;
- топтун жетекчисинин тескемелерин аткарууга.
4. БМ ж Б Тобунун ишмердүүлүгүнүн ченемдик-укуктук коштоосу
4.1. БМ ж Б Тобу өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин карманууга тийиш.
5. БМ ж Б Тобунун ишмердүүлүгүнүн тартиби
5.1. Мониторинг тобун шаар мэри же шаардык кеңештин төрагасы дайындаган төрага жетектейт.
5.2. Топтун курамы беш мүчөдөн кем болбошу керек:
5.3. Мониторинг тобунун курамы жана анын жетекчиси шаар мэрынын же шаардык кеңештин төрагасынын чечими менен бекитилет.
5.4. Топтун жыйналышы кварталына бир жолудан кем эмес жана/же зарылчылыгына жараша өткөрүлөт.
5.5. Жыйналыштардын протоколуна Мониторинг тобунун жетекчиси жана мүчөлөрү кол коюшат.
6. БМ ж Б Тобунун иштөө мөөнөтү
6.1. Топтун иштөө мөөнөтү план-тапшырманын мазмуну менен аныкталат. Эгерде ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү аныкталбаса, Мониторинг тобу өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет бергенден кийин ишин токтотот. Мониторинг тобунун иштөө мөөнөтү аны түзүү жөнүндө буйрук менен аныкталат.
7. Мониторингдин натыйжалары
7.1. Мониторингдик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча Протокол түзүлүп, сунуштамалар иштелип чыгат.
Ноокат шаар кеңешинин
жооптуу катчысы: М.Ярматов