Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-ноябры № 102
Токтогул шаарында 9 ай ичинде жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, сырттан инвестицияларды тартуу иштеринин жүрүшү боюнча Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин угуп, талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарында 9 ай ичинде аткарылган иштер боюнча Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин отчету жалпысынан канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча иштерди колго алуу жана бул багытта мамлекеттик салык кызматы менен биргелешип иш жүргүзүү зарылчылыгы белгиленсин.
3. Төмөндөгү иштер тез арада аткарууга алынсын:
- шаар аймагындагы айыл чарбасына багытталбаган жерлерди, колдонуу багыты өзгөргөн (кайрадан профилдештирилген) жерлерди, соода сатык жүргүзүүчүлөрдүн (жашылча, кийим-кече, эт, сүт сатуучулардын) патенттерин тактоо иштери боюнча инвентаризация жүргүзүлсүн;
- инвентаризация жүргүзүү үчүн Токтогул шаарынын мэринин буйругу менен атайын комиссия түзүлсүн, курамына милдеттүү түрдө мэриянын салык жыйноочусу, жер боюнча адиси, ал эми райондук мамлекеттик каттоо кызматынын, мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын тиешелүү өкүлдөрү макулдашуунун негизинде киргизилсин;
- ушул токтом күчүнө киргенден кийин бир айдын ичинде инвентаризация иштери толугу менен бүткөрүлсүн жана комиссиянын ишинин жыйынтыгы жазуу жүзүндө шаардык кеңешке жиберилсин.
4. Токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү иштерди аткаруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
9. Токтом күчүнө киргенден кийин көчүрмөлөрү тиешелүү мекемелерге жөнөтүлсун.
Төрага | К. Дербишев |