Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-майы №58/2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго- кырк кадам” программасынын негизинде Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлү-гүн уюштуруу аркылуу жергиликтүү деңгеелде юридикалык жана физикалык тараптарга жеткиликтүү, сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды “Бирдиктүү терезе” ыкмасында көрсөтүү максатында Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI чакырылыш ХV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн “Кызмат көрсөтүү борбору” жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Кызмат көрсөтүү борборун Жобого ылайык түзүү жана ишмердүүлүгүн уюштуруу айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн “Кызмат көрсөтүү борборунун” ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү айылдык кеңеш өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу менен ишке ашырсын жана мониторингдин натыйжасы айылдык кеңештин сессиясында бир жылда бир жолу талкууланып турулсун.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, финансы, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Мусаев |
|
|
| «БЕКИТИЛДИ» Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл - Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылышынын ХV сессиясынын 2018-жылдын 15-майындагы № 58/2 токтому
|
Кызыл - Октябрь айыл Өкмөтүнүн Кызмат көрсөтүү борбору жөнүндө ЖОБОСУ
I. ЖАЛПЫ ЖОБО
1.1. Кызыл - Октябрь айыл Өкмөтүнүн Кызмат көрсөтүү борбору - оозеки жана жазуу түрүндөгү арыздарды берүүдөн баштап, кызматты көрсөтүүнүн натыйжаларын алууга чейин муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды «Бирдиктүү терезе» ыкмасында бир жерде уюштурат жана көрсөтөт.
1.2. Ушул Жобо Кызыл - Октябрь айыл аймагындагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана аларды бир жерде уюштуруу үчүн кызмат көрсөтүү борборун түзүүнү жана анын ишмердүүлүгүн уюштурууну белгилейт.
1.3. Кызмат көрсөтүү борбору юридикалык жана физикалык тараптарга мамлекеттик бийликтин аймактык органдары менен өз ара аракеттешүүнүн негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн түзүлөт.
1.4. Кызмат көрсөтүү борбору жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик бийликтин аймактык органдарынын кызматтарын жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бир жерден алуусун шарттайт. Кызмат көрсөтүүдө иштөө тартиби, ачык-айкындуулук, убакытты үнөмдөө жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн өз ара аракеттенишүүсү камсыздалат.
1.5. Айылдык кеӊештин макулдугу боюнча айыл өкмөт башчысы кызмат көрсөтүү борборун түзөт жана анын ишмердүүлүгүн уюштурат.
1.6. Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүнүн укуктук негизин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Таза коом» Улуттук программасы, КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 30-мартындагы №01-18/38 буйругу, ошондой эле башка ченемдик-укуктук актылар жана ушул Жобо түзөт.
II. КЫЗМАТ KӨPCӨTYYHYH МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
2.1. Борборду түзүүнүн максаты.
Кызмат көрсөтүү процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, кызмат алуу убактысын кыскартуу, коррупциялык механизмдерди төмөндөтүү, кызмат алуучулар үчүн ыцгайлуу шарттарды түзүү менен жарандарга бирдей мүмкүндүктү камсыздоо.
2.2. Борборду түзүүнүн милдеттери
a. Кызмат алуучулар жана берүүчүлөр үчүн ыӊгайлуу техникалык жана тейлөө шарттарын түзүү.
b. Оозеки жана жазуу түрүндөгү арыздарды берүүдөн баштап, кызматты көрсөтүүнүн натыйжаларын алууга чейин жарандарды бир бөлмөдө кабыл алууну уюштуруу.
c. Кызмат көрсөтүү борборунда юридикалык жана физикалык тараптарга бир убакта бир канча бири-бири менен байланышкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды «Бир терезе» ыкмасында көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн түзүү.
d. Кызмат алуу үчүн келген жарандардын күтүү убактыларын, чыгымдарын жана мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарына келип кетүү сандарын кыскартуу.
e. Ведомстволор аралык, ошондой эле мамлекеттик бийликтин аймактык органдары менен айыл өкмөтүнүн маалыматтык жана документтик өз ара аракеттенүүсүн, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияны колдонуунун эсебинен кайрылган жарандар менен кызматтагы кишинин байланыш санын кыскартуу.
f. Кызмат көрсөтүүдөгү бюрократиялык процедураларды кыскартуу жана коррупциялык элементтерди жоюу.
g. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууда жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн маалыматтуулугун, укуктук аӊ-сезимин жогорулатууга көмөк көрсөтүү.
III. КЫЗМАТ KӨPCӨTYY БОРБОРУН TY3YY ЖАНА АНЫН ИШМЕРДҮҮЛYГҮH УЮШТУРУУНУН ТАРТИБИ
3.1. Айылдык кенеште бекитилген кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө Жобо жана айылдык кенештин токтому (Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү жөнүндү Жобо айылдык кеӊештин токтому менен бекитилет).
3.2. Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү үчүн айыл өкмөтүнүн имаратында бир бөлмөдө кызмат көрсөтүүчүлөргө жана алуучуларга жумуш орундарын, ыӊгайлуу шарттарды түзүп берүү.
3.3. Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча айыл өкмөт башчысынын чечими менен анын орун басарына же жооптуу катчыга милдеттендирүү.
3.4. Кызмат көрсөтүүчүлөрдү офистик жабдуулар менен камсыздоо, алардын интернет менен кошулуусун, автоматташтырылган маалыматтык системалар менен иштөөсүн ишке ашыруу.
3.5. Кызмат көрсөтүү борборунун иштөө графигин түзүү жана аны көрүнүктүү жайга илүү.
3.6. Кызмат көрсөтүү борборунда кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик бийликтин аймактык органдарынын тизмесин, кызматчылардын байланыш телефондорун жана алардын иштөө графигин илүү.
3.7. Кызмат көрсөтүү борборунда көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын реестрин илүү, алардын ичинен акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү менен.
3.8. Муниципалдык кызматчылардын аткаруусундагы кызмат көрсөтүү борборунун 4 багыттагы негизги иштерин уюштуруу:
1. Юридикалык жана физикалык тараптардын оозеки жана жазуу түрүндөгү кайрылууларын иштеп чыгууну ишке ашыруу.
а) Кайрылууларды кабыл алуудан баштап аны көзөмөлдөн алууга чейин жумушчу процесс иштелип чыгат.
2. Жарандардын суроо-талабына ылайык «Бирдиктүү терезе» ыкмасында административдик кызматтарды (маалым- каттарды, маалыматтарды берүү) көрсөтүүнү ишке ашыруу.
a) Ар бир керектөөгө ылайык «Бирдиктүү терезе» ыкмасында көрсөтүлүүчү бири-бири менен байланышкан административдик кызматтардын административдик регламенттери - жумушчу процесстери иштелип чыгат.
b) Муниципалдык кызматтардын базалык реестри боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жумушчу процесстери иштелип чыгат.
c) Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси иштелип чыгат жана алардын негизинде кызмат көрсөтүүнүн жумушчу процесстери иштелип чыгат.
d) Бир убакта бир канча бири-бири менен байланышкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жумушчу процесстери иштелип чыгат.
3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө юридикалык жана физикалык тараптарды маалымдоо, кеңеш берүү, алардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу.
a) Кызмат көрсөтүү борборунда зарыл маалыматтар, документтердин үлгүлөрү, мамлекеттик документтерди алуу үчүн керектүү болгон документтердин тизмеси ж.б. илинген маалымат тактайларын илүү.
b) Кызмат көрсөтүү борборунда көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын реестрин илүү, алардын ичинен акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү менен.
4. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууда юридикалык жана физикалык тараптарга практикалык жардамдарды көрсөтүү.
а) Практикалык жардамдардын тизмеси - документтерди нускалоо, текстерди компьютерде жазып берүү, электрондук почтаны, интернетти колдонуу ж.б.
I. Кызмат көрсөтүү борборуна кайрылуунун тартиби.
a. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн негиз болуп юридикалык жана физикалык тараптардын оозеки жана жазуу түрүндөгү кайрылуулары, ошондой эле электрондук почта, интернет каражаттары аркылуу кайрылуулар эсептелинет.
b. Кайрылуу учурунда кайрылуучу тарап өздүгүн тастыктаган документин көргөзөт.
с. Юридикалык жана физикалык тараптарды кабыл алууда кызмат көрсөтүү борборундагы муниципалдык кызматкер көрсөтүлүүчү кызматтын сапаты жана этикалык нормаларды бузгандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
II. Кызматташуу жанан өз ара аракеттешүү.
5.1. Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү социалдык өнөктөштүк принцибине негизделет. Мамлекеттик бийликтин аймактык органдары менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө кызматташууга жана өз ара аракеттешүүгө багытталат.
Мониторинг жүргүзүү.
6.1. Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү айылдык кеңеш өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу менен ишке ашырат.
6.2. Мониторингдин натыйжасы айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна коюлат.
6.3. Ушул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор айыл өкмөтү тарабынан киргизилет жана айылдык кеңештин кароосуна коюлуп бекитилет.
6.4. Кызмат көрсөтүү борборун жоюу же кайра уюштуруу маселеси тууралуу токтомду айылдык кеңеш кабыл алат.
Кызыл - Октябрь айыл Өкмөтүнүн
жооптуу катчысы: Сопуев Кубанычбек