Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-августу №62
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 6 айындагы бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларында карап, алардын берген сунуштарын жана маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI чакырылыш ХVII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 6 айындагы бюджетинин жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн такталган планы 106,1 % же 889,1 мин сомго ашыкча аткарылгандыгы, анын ичинен атайын каражаттары 201,3 мин сомго көп жыйналгандыгы белгиленсин.
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 6 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган бюджетинин киреше бөлүгү 15384,8 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 10455,8 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. 2018-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн :
- 11,46 - “Алга айылынын ичүүчү таза суу кампасын куруу жана системаларын жаңылоо” пунктундагы 200,0 мин сом акча каражатын;
- 11,38 – “Алга айылына өздүк музей ачуу” пунктундагы 45,0 мин сом акча каражатын;
- 11,60 - “Жана башка эске алынбай калган күтүүсүз чыгымдар жана кызмат көрсөтүүлөр” пунктундагы 50,0 мин сом акча каражатын,
- Жалпысы 295 миң сом акча каражатын Алга айылында курулуп жаткан спорт залга иштетүүгө ;
- 11,5 – “Долбоор колдоо” пунктунан Гузар айылындагы бала бакчанын ремонт иштерин жүргүзүүгө жана ишке берилишине 250,0 мин сом акча каражатын бөлүнүүсүнө;
- 11,2 –“ Айыл өкмөттүн имаратынын кире беришине сары таш басуу” пунктундагы 40,0 мин сом акча каражатын кеңсе товарларын сатып алууга ;
- 11.52 –“ Сенир айылында Кочкор-Ата каналына чоң көпүрө куруу” пунктундагы 800,0 мин сом акча каражатын Кызыл-Сеңир айылында курулуп жаткан спорт залга иштетүүгө макулдук берилсин.
4. Жергиликтүү бюджетке кошумча түшкөн акча каражаттарына сметалар түзүлсүн.
5. Жергиликтүү бюджетке айыл өкмөт тарабынан сунушталган өзгөртүүлөр жана тактоолор (бир бөлүм ичинде жана бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө жылдыруулар) жергиликтүү кеңеш тарабынан каралгандан жана кабыл алынгандан кийин , зарыл убакта өзгөртүүлөр жергиликтүү кеңештин тармактык комиссиясы менен макулдашуу аркалуу аткарууга алынары эске алынсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет,финансы салык жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөт башчысы Пасаңов.Э.Ж жана ФЭБ башчысы Арапов. А милдеттендирилсин.
Тѳрага | К.Мусаев |
|
|