Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры №1
Исфана шаар мэриясынын алдындагы “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын алдындагы “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө отчёту көңүлгө алынсын. (Отчёт тиркелет).
2. “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын бүгүнкү күндөгү абалын карап чыгуу үчүн төмөнкүдөй депутаттык убактылуу комиссия курамы түзүлсүн:
1. А.Амиров – Исфана шаардык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсу;
2. А.Чумаев - Исфана шаардык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсу;
3. А.Тажибаев - Исфана шаардык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсу;
4. Т.Курбанов - Исфана шаардык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсу;
5. А.Балтабаев - Исфана шаардык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсу;
3. “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын бүгүнкү күндөгү абалын карап чыгып жыйынтыгы жөнүндө маалыматты 2019-жылдын январь айындагы кезектеги сессиясында берүү жагы түзүлгөн убактылуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, жайыт, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И.Тагаев |
| Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын 2018-жылдын 25-декабрындагы кезектеги XX сессиясынын №1 токтомуна тиркеме
|
«Лейлек-Тазалык» муниципиалдык ишканасынын
2018-жылга 11 айлык аткарган жумуштары.
«Лейлек-Тазалык» муниципиалдык ишканасында бүгүнкү күндө 26 кызматкер эмгектенет анын ичиннен 6 жооптуу кызматкер, 3 айдоочу, 7 жумушчу, 9 тейлөөчү кызматкер, 1 багбан эмгетенишет.
«Лейлек-Тазалык» муниципиалдык ишканасын негизинен Исфана шаарынын санитардык абалын кароо, шаардын көрктөндүрүү жагын, шаардын түнкү жарыктарын жана келишим тузгөн жеке жактарды жана мекеме ишканаларды тейлейт. Бүгүнкү күндө ишканада бул жумуштарды аткаруу үчүн атайын 9 даана техникасы бар, анын ичинен 4 даанасы жарамдуу 5 даанасы оӊдоого муктаж абалда. Бул техникалардын жардамында ишкана шаардын ички жолдоруна суу себүү, сайларды тазалоо, катуу жана суюк таштандыларды тазалап шаардан ташып чыгаруу, көрнөк-жарнак банерлерин илүү, түнкү жарыктарды тейлөө жумуштарын аткарат. Азыркы учурда 1307 жеке жактарды, 74 мекеме ишканаларды, Исфана шаар мэриясына караштуу бала-бакчаларды жана мектептерди толук кандуу тейлөө үчүн кеминде 3 атайын техника керектелет. Бирок «Лейлек-Тазалык» муниципиалдык ишканасы бул жумуштарды аткаруу үчүн жалгыз МТЗ-82/1 трактору гана бар болгондуктан, жалпы келишим түзгөн абоненттерди жана шаар аймагын таштандылардан тазалап турууга жетишпейт.
2018-жылдын 11 айында «Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасы төмөнкүдөй жумуштарды аткарды:
Кыш кундөрү шаардын ички жолдоруна кар көп жаап тайгак болгон убактарда коопсуздукту сактоо максатында өз убагында карларды тазалап, шлак жана туз материалдарын себип турду. Ал учун 25 рейс шлак, 600 килограмм туз себилип, МТЗ-82/1 экскватор трактору менен сүрүп тазалап турду. Март айынан жалпы пайдалуудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында бак-дарактарды актоо жумуштарына 600 килограм аки таш сарпталды. Шаардын көчөлөрүн тазалыгын сактоо максатында май айынан баштап шаардын борбордук көчөлөрүнө суу себуу иштери башталып, азыркы күнгө чейин 423 рейс суу себилди. Ошондой эле жашылданадыруу үчүн эгилген арча көчөттөрду суугарууга 42 рейс суу ташылып өз убагында суугарылып турду. 2018-жылга 1307 жеке кожолуктар, 74 мекеме уюмдар менен келишим түзүлүп белгиленген график боюнча күнүгө 2 рейстен жана Исфана шаар мэриясына караштуу бала-бакчалардан жана мектептерден катуу жана суюк таштандылар алынып чыгууда, бардыгы болуп 11 айга 968 рейс 6502 м3 катуу таштанды 276 рейс 915 тонна суюк таштанды ташылып чыгарылды. Шаардын борбордук көчөлөрүндөгү жана айылдардагы орнотулган түнкү жарыктарды көзөмөл кылып, иштебеген жерлерин жаӊыларына алмаштырып ондоодон өткөрүп турдук. Жалпысы болуп түнкү жарыктардагы иштөөдөн чыккан 127 лампочкалар алмаштырылды. Ошондой эле шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында Мамлекеттик сатып алуулар порталында өткөрүлгөн конкурстун негизинде Саркент жаратылыш паркы менен келишим түзүлүп, март айында 200 туп можжевельник, 60 түп Ель-Тяншань жана ар түрдүү роза көчөтөрү, ар кандай гулдөр (петуня) алынып келинип, шаардын борбордук кочолоруно отургузулуп жана Исфана шаар мериясына караштуу аймактык өзүн өзү башкаруу комитеттерине жана мектептерге берилди.
«Лейлек-Тазалык»
муниципиалдык ишканасынын башчысы: З.Байзоков