Редакцияот 25.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы

 

2018-жылдын 25-декабры №2

Керемет-Голбо” балдар бакчасына кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө

 

“Керемет-Голбо” балдар бакчасына тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө Исфана шаар мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Керемет-Голбо” балдар бакчасына кошумча толук смендүү эки тайпа ачууга макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201-токтомунун №5-тиркемесинин талаптарына ылайык келтирүү жагы балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон откорулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигининwww.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

Б.И.Тагаев