Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры №5
Исфана шаардык Кенешинин 2019-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзымынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кенешинин 2019-жылга карата түзүлгөн иш планы жактырылсын жана тиркемеге ылайык бекитилсин. (Иш план тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигининwww.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысы З. Туяковго, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн жана иш пландын негизинде иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И.Тагаев |
| Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын 2018-жылдын 25-декабрындагы кезектеги XX сессиясынын №5 токтомуна тиркеме
|
Исфана шаардык Кеңешинин 2019-жыл үчүн түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
№ | Аткарылуучу жумуштун мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1. | Исфана шаарынын мэринин 2018-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету | I квартал 2019-жылдын январь айы | Исфана шаар мэриясы, депутаттык фракциялар |
2. | Исфана шаар мэриясынын 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө | I квартал 2019-жылдын февраль айы | Бюджет, экономика, өнөр жай, жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясы |
3. | Исфана жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө отчету | I квартал 2019-жылдын февраль айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, жайыт, курулуш, жер,транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы |
4. | Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө отчету | II квартал 2019-жылдын май айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, жайыт, курулуш, жер,транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы |
5. | Исфана шаарынын мэринин 2019-жылдын 6 айында аткарылган иштери боюнча отчету | III квартал 2019-жылдын август айы | Исфана шаар мэриясы, депутаттык фракциялар |
6. | Исфана шаар мэриясына караштуу билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө | III квартал 2019-жылдын сентябрь айы | Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясы жана бюджет, экономика, өнөр жай, жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясы |
7. | Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө | IV квартал 2019-жылдын октябрь айы | Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясы жана бюджет, экономика, өнөр жай, жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясы |
8. | «Лейлек–Тазалык» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө отчету
| IV квартал 2019-жылдын октябрь айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, жайыт, курулуш, жер,транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы |
9. | Исфана шаардык Кеңешинин 2020-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө | IV квартал 2019-жылдын декабрь айы | Фракция лидерлери жана шаардык Кеңештин аппараты |
10. | “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө отчету | IV квартал 2019-жылдын декабрь айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, жайыт, курулуш, жер,транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы |
Исфана шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы: З.Н. Туяков