Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры №34
№05-723-ХРАО нун ген.директору Т.Ж.Салиевдин кайрылуу катын карап таанышып чыгып, шаардык Кеңештин депутаты К.Д.Кузиевдин билдирүүсүн угуп депутаттардын сунушун эске алып шаардык Кеңештин Ш чакырылышынын VI сессиясы протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-статьясынын 4-пунктунун негизинде Айдаркен сымап ишканасынын жер салыгы К3 зоналдык коэффицентин К-0,7 өлчөмундө 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин жана областтык юстиция башкармалыгына мамлекеттик реестрге киргизүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Х. Хамбаров |