Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-ноябры № 104
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 01.03.2016-жылдагы № 67 токтомуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, КР бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу төмөндөгү акча каражаттары кыскартылсын:
01.03.2016-жылдагы № 67 токтому боюнча:
· “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинаты 2223 статьясынан – 43,5 миң сом;
· Прожекторлорду сатып алуу 2222 статьясынан -136,0 миң сом;
· Таласбайга чакан футбол аянтчасын куруу 3111-статьясынан - 150,0 миң сом;
Жалпы: 329,5 миң сом.
3. Кыскартуудан алынган 329,5 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
· “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатына алынган атайын техникаларга 2214 статьясына 33,5 миң сом, 2215 статьясына - 43,0 миң сом;
· “Байчечекей” балдар бакчасына 3112 статьясына - 20,0 миң сом;
· Электроэнергияга туташтыруу үчүн 2215статьясына -100,0 миңсом;
· Мектептерде (Токтогул, Бөкөнбаев) Азык түлүк программасын ишке ашыруу үчүн 2221 статьясына – 97,0 миң сом;
· Суу түтүктөрүн оңдоо 2221 статьясына - 36,0 миң сом;
Жалпы: 329,5 миң сом.
4. Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
5. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Дербишев |