Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-январы №1
“Голден Вингс” ЖЧКоому менен “Кыргызалтын ” ААКоому менен түзүлгөн келишимдин негизинде, Алмалуу-Булак сайына алтын иштеп чыгаруучу жаны заманбап фабрика куруу керектиги жөнүндөгү “Голден Вингс” ЖЧКнун жана Терек-Сай айылдык аймагынын тургундарынын кайрылуусун талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 10-январындагы VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-ноябрындагы чыгарылган № 528 б буйругун аткарууга алуу максатында,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай караштуу Алмалуу-Булак сайына жаны, заманбап технологиялар менен жабдылган алтын иштеп чыгаруучу фабриканы (ЗИФ) –зыянсыз цианиддин тузун (Na CN) колдонуп, (калдык сактоочу жайы, өндүрүштүк жолдору менен) курууга «Кыргызалтын» ААКоому менен «Голден Вингс» ЖЧК менен түзүлгөн келишимдин негизинде, 399,0 га жер аянтына тиешелүү координаттарга ылайык уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жер казыналары жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек-Сай айылдык аймагынын социалдык пакети боюнча колдоо көрсөтүү жагы суралсын. /Тиркеме тиркелет./
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш, энергетика жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Каипов М. |
|
|