Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-февралы №3
Кыргыз Республикасынын бюджет жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек – Сай айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүн жана 2019-жылга долбоорун жана 2020-жылга божомолун бекитүү жөнүндө Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын I кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 13729,3мин сомго бекитилсин.
2. Терек-Сай айылдык аймагынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 13729,3 мин сомго бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджетинин негизги принциптери жана укуктары жөнүндөгү мыйзамынын 21 беренесине ылайык айылдык аймагынын башчысынын резервдик фонду 137,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Жергиликтуу бюджет биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге жана коммуналдык чыгымдарга каржылоо жагы белгиленсин.
5. Терек-Сай айылдык аймагынын 2019-жылга карата бюджеттин долбоору 13992,4 миң сомго жана 2020-жылга божомол 14365,3 миң сомго бекитилсин.
6. Бекитилген лимиттерди өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Каипов М. |
|
|