Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-апрели № 83
Токтогул шаардык мэриясынын атайын эсебиндеги акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, КР бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, башка чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, Токтогул шаардык мэриясынын атайын эсебиндеги 827 547 сом акча каражатына техникаларды (автовышка жана суу чачуучу) сатып алуу жөнүндөгү бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты “Ыңгайлуу шарт түзүү” комбинатына 3112 -транспорт каражаттарын сатып алуу статьясы боюнча чыгымдалсын.
3. Атайын эсептин планына тактоо киргизүү Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясын сиясына жүктөлсүн..
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
Төрага | К. Дербишев |