Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-февралы №16
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Ак-Терек-көчөсүндөгү күрөш залынын машыктыруучусу Д.Исмановдун СССРдин ардактуу мугалими Нажмидин Мусаевдин элесине арналган турнирге баруучу балдарга жол кире жана тамак-ашы үчүн акча каражатынан жардам көрсөтүүбоюнча кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын I кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарында өтүүчү СССРдин ардактуу мугалими Нажмидин Мусаевдин элесине арналган турнирге баруучуларга акча каражатынан жардам көрсөтүү үчүн 23 000( жыйырма үч миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Каипов М.Э. |
|
|