Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы №1
Кыргыз Республикасынын жайыт жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек-Сай айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2017-жылы аткарган иштери жана 2018-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жайыт комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 3- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2017-жыл ичинде аткарган жумуштары сын пикирлерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Терек-Сай айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 302 811 сомго айтылган сунуш пикирлерди эске алуу менен бекитилсин жана анын ичинен кирешеден жер салыгынын, айлык акынын, соц.фонддун 17,25%-тун акчалары чыгарылгандан кийин, сумманын 3/1 бөлүгү айыл аймактын счетуна которулуп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Каипов М.Э. |
|
|