Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы №3
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүү мектебинин директору Т.Орозбаевдин Терек-Сай орто мектебинин 30 жылдык мааракесин өткөрүүгө карата пландаштырылган иш-чараларды аткаруу максатындагы кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүү мектебинин 30 жылдык мааракесин өткөрүүгө карата уюштуруу иштерине 30 000 (отуз мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Каипов М.Э. |
|
|