Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы №4
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу маданият үйүнүн башчысы К.Токонованын маданият үйүнүн айланасын жашылдандыруу, маданият үйүнө жаны заманбап эмеректерди сатып алуу, сахнаны жарыктандырууга прожектор сатып алуу, КААБнун кабинетин ремонттоо жумуштарын жасоо керектиги жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу маданият үйүнүн айланасын жашылдандыруу иштерине 75 380 (жетимиш беш мин үч жүз сексен) сом , жаны заманбап эмеректерди сатып алуу үчүн 59 140 (элүү тогуз мин бир жүз кырк) сом, сахнаны жарыктандыруу үчүн прожектор сатып алууга 26 000(жыйырма алты мин) сом, КААБнун кабинетин ремонттоо жумуштарына 26 400 (жыйырма алты миң төрт жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Каипов М.Э. |
|
|