Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы №5
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Б.Камчыбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору К.Аликееванын мектепти отканасында авариялык абал жаралганына байланыштуу тез арада запчасттык бөлүктөрдү сатып алуу боюнча кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык КеңешининVIII чакырылышынын кезексиз 3- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Б.Камчыбеков жалпы орто билим берүү мектебинин отканасына ремонт жумуштарын жасоо үчүн 4 650 (төрт мин алты жүз элүү) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Каипов М.Э. |
|
|