Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы №6
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Эшалы болуш көчөсүндө жайгашкан спорт залдын тренери Ж.Ташболотовдун спорт залдагы кээ бир буюмдардын иштен чыккандарын алмаштурууга карата жаны буюмдарды сатып алуу керектиги жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Эшалы болуш көчөсүндө жайгашкан спорт залга керектүү жаны буюмдарды сатып алуу үчүн 5 650 (беш мин алты жүз элүү) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Каипов М.Э. |
|
|