Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-апрели № 84
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды кабыл алууда шаар тургундарынын балдарына артыкчылык берүү боюнча
Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке чейинки курактагы балдарды өстүрүү Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамында белгиленген негизги принциптерге ылайык жүргүзүлөт. Ага ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан балдардын тамктануусуна кошумча каражат жана алардын имараттарын оңдоп-түзөөсүнө, ар кандай чыгымдарына каражаттар жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берип турат.
Учурда Токтогул шаарында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишсиздиги эң көйгөйлүү маселелердин бири. Ошондуктан “Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалы, жумушсуздук, экология-санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча”туруктуу комиссиянын демилгеси менен, Токтогул шаардык мэриясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, мекепке чейинки билим берүү уюмдарына барып жаткан балдардын документтерин карап чыгышкан.
Жыйынтыгында, шаардын аймагындагы жалпы 5 (беш) мектепке чейинки билим берүү уюмдарына башка айылдардан, документтери толук эмес, же тактамасы жок 71 баланын келип жаткандыгы аныкталды.
Ошол эле учурда Токтогул шаарында жашап, иштеп жаткан тургундарыбыздын балдары мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барууга орундун жоктугунан, ар кандай шарттарда багылып, тарбияланып жаткандыгы туруктуу комиссиянын корутундусунда белгиленген.
Жогорудагылардын негизинде, туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды кабыл алууда, биринчи кезекте Токтогул шаарында жашап, иштеп жаткан тургундардын балдарына артыкчылык берилсин.
2. Ушул токтом менен кабыл алынган чечим боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлоруна билдирилсин.
3. Балдарга жашагандыгы тууралуу тактамаларды берүүдө алардын ата-энесинин туруктуу каттоого алынган жерине өзгөчө көңүл бурулсун.
4. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалы, жумушсуздук, экология-санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча”туруктуу комиссиянын комиссиясына жүктөлсүн.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
Төрага | К. Дербишев |