Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы №9
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай айылынын Ынтымак көчөсүнүн тургуну Качикеева Нурайдын көп балалуу экендиги, турмуш шарты оор, жакыр үй-бүлө болуп каттоодо туруу менен , азыркы учурда күйөөсү Качикеев Эсенбек да ооруп, өзү да эч жерде иштебей, турмуш шартынан кыйналып жаткандыгы, күйөөсү Качикеев Эсенбекти жана баласы Эсенбек уулу Абылкасымды оорууканага көрсөтүү үчүн материалдык жардам сурап кайрылган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык КеңешининVIII чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай айылынын Ынтымак көчөсүнүн тургуну Качикеева Нурайдын турмуш шартынын оордугуна байланыштуу, күйөөсү Качикеев Эсенбекти жана баласы Эсенбек уулу Абылкасымды оорууканага алып барып келүүгө 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Каипов М.Э. |
|
|