Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы №10
Ооган жоокерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгынын жана Ата Мекенди коргоочулар күнүн белгилөөгө карата Ооганстанда, Баткен коогаланында жана Тажикстан чек арасында кызмат кылган Терек-Сай айылдык аймагынын тургундарын Чаткал райондук администрациясы тарабынан Каныш-Кыя айылында өткөрүлүүчү салтанатка алып барып келүүгө тамак ашына жана транспорт чыгымдарына акча каражатын бөлүштүрүү керектиги жөнүндөгү ФЭБ башчы Т.Суванованын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал администрациясы тарабынан Каныш-Кыя айылында өткөрүлүүчү салтанатка Терек-Сай айылдык аймагынын Ооганстанда, Баткен коогаланында жана Тажикстан чек арасында кызмат кылган тургундарын алып барып келүү үчүн 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Каипов М.Э. |
|
|