Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы №11
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарына ветеринардык кызмат көрсөтүүчү адистер Терек-Сай айылдык аймагы менен келишимдин негизинде иштегендиктен, айлык маянасын чечүү керектиги жөнүндөгү ФЭБ башчы Т.Суванованын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Терек-Сай айылдык КеңешининVIII чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарына ветеринардык кызмат көрсөтүп жаткан адис Ш.Каратаевдин 2 000 (эки мин) сом, жана Өскөнбай уулу Азаматка 2 000 (эки мин) сом, малдарды каттоо жумушун жүргүзүүчү оператор А.Телибаевага 5 800 ( беш мин сегиз жүз) сом айлык маяналары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Каипов М.Э. |
|
|