Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты №1
“Терексай жаштары” ЖЧКоомуна курулуш иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жер казыналар жөнүндөгү мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 28-беренесине ылайык жер тилкелерин бөлүп берүүбоюнча “Терексай жаштары ” ЖЧКнун кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап,Терек – Сай айылдык КенешининVIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Терек-Сай жаштары” ЖЧКоомунун кайрылуусунун негизинде курулуш обьектилери үчүн кошумча 14 га жер участогу убактылуу пайдалагууга бөлүнүп берилсин.
Терек-Сай айылдык Кенешинин 2015-жылдын 25-майындагы №8 токтому ылайык 3785 МЕ Лицензиясынын негизинде 56,02 га ,2016-жылдын 27-октябрындагы № 2 токтомуна ылайык 25,36га жана 2017-жылдын 10-мартындагы №1 токтомуна ылайык 18,89 га, бардыгы 114 га жер аянты убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилди.
2. Берилген жер аянтын бөлүп берүү жана тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук “Мамлекеттик жер каттоо” жана архитектура башкармасынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш, энергетика жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳраганын орун басары | Сартманбетов И.Ж. |
|
|