Редакцияот 27.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

 

2016-жылдын 27-апрели № 85

Токтогул шаарындагы убактылуу жашылча сатылуучу базар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” жана “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссияларынын биргелешкен корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогорудагылардын негизинде, Токтогул шаардык кеңешинин 2016-жылдын 25-мартындагы № 80 токтомунун 2 пунктунун экинчи бөлүгүн колдонуу токтото турулсун.

2. Черноткач көчөсүнүн түкдүк - батыш тарабындагы муниципалдык менчиктеги жашылдандыруу жана көрктөндүрүү багытындагы жер тилкесинде жашылча сатуу иштери убактылуу улантылсын.

3. Жер участокту убактылуу пайдалануу үчүн жашылча сатуучулардын ар бири менен мөөнөттүү ижаралоо келишими түзүлсүн.

4. Жашылча сатуучулар үчүн керектүү шарт түзүп берүү Токтогул шаардык мэриясына тапшырылсын.

5. Бул токтомду 1 (бир) ай мөөнөт ичинде аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жогорудагы туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.

7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

8. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

 

Төрага

К. Дербишев