Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты №6
Терек-Сай айылдык аймагынын “Ай-Нуру” м.ч.б.б.уюмунун улуу тайпасынын тарбиячысы Г.Ташбаеванын ден соолугуна байланыштуу материалдык жардам сурап кайрылган “Ай-Нуру” м.ч.б.б.уюмунун жетекчиси Ч.Баимбетованын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап , Терек-Сай айылдык КеңешининVIII чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын“Ай-Нуру” м.ч.б.б.уюмунун улуу тайпасынын тарбиячысы Г.Ташбаевага ден соолугуна байланыштуу 50 000 (элүү мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳраганын орун басары | Сартманбетов И.Ж. |
|
|