Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты №7
Терек-Сай айылдык аймагынын Эшалы-Болуш көчөсүндө жайгашкан спорт залдын тренери Ж.Ташболотовдун Жалал-Абад шаарында Республикалык деңгээлде өтүүчү воллейбол оюнунун VIII-турнирине окуучуларды алып баруу жөнүндөкайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык КеңешининVIII чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын Эшалы-Болуш көчөсүндө жайгашкан спорт залдын окуучуларын Жалал-Абад шаарында Республикалык деңгээлде өтүүчү воллейбол оюнунун VIII-турнирине алып баруу үчүн 15000 (он беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳраганын орун басары | Сартманбетов И.Ж. |
|
|