Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-апрели №7
Терек-Сай айылдык аймагынынсалык кызматкери Ө.Качикеевдин жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал районунун Терек-Сай айылдык аймагы Кыргыз Республикасынын тоолуу, жашоо шарты оор, барууга кыйын алыскы аймактардын тизмесине киргендиктен жана жер картышынын түшүмдүүлүгү начар экендигин эске алуу менен айыл чарба үчүн жер салыгынын базалык ставкасы өзгөртүүсүз калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын салык кызматкери Ө.Качикеевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|