Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-апрели №5
Ак-Терек айылынын күрөш залынын машыктыруучусу Д.Исмановдун 25-27-апрель күндөрү окуучуларды Жалал-Абад шаарына Стамкулов Икром ажынын элесине арналган турнирге алып баруубоюнчакайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 6- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Терек айылынын күрөш залынын окуучуларын Жалал-Абад шаарына Стамкулов Икром ажынын элесине арналган турнирге алып барууүчүн11000 (он бир миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|