Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-апрели №12
Кызыл-Токой айылынын кол өнөрчү айымдардан түзүлгөн тобунун алгачкы жумушун баштоогоматериалдык жардам көрсөтүүбоюнча кайрылуусункарап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Токой айылынын кол өнөрчү айымдардан түзүлгөн тобунун алгачкы жумушун баштоого 25000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|