Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-апрели №16
“Эти-Бакыр Терек-Сай” ЖЧК нун директору Махир Тезджан Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Тереккан”, “Ашуу”жана “Терек” кендерин иштетүүгө укугун жеңип алтын иштеп чыгаруучу жаны заманбап фабрика куруу керектиги жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 23-апрелиндеги VIII чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Тереккан”, “Ашуу”жана “Терек” кендерин иштетүүгө жаны, заманбап технологиялар менен жабдылган алтын иштеп чыгаруучу фабрика куруу зарылчылыгы пайда болгондуктан, Турцияда иштеп жаткан заманбап фабриканын технологиясы менен 2018-жылдын 7-майынан 14-майына чейин Турция мамлекетине Стамбул шаарына жакындан таанышып келүү максатында төмөндөгүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
1.Анарбаева Б. –жооптуу катчы;
2.Белдибеков Замирбек- Чаткал Экотехтин адиси;
3.Сулайманов Алтынбек – Чаткал ӨКБ башчысы;
4.Ажакматов И. -Терек-Сай айылдык Кенешинин төрагасы;
5.Орозбаева Ч.-айылдык Кеңештин депутаты;
6.Каипов М.-айылдык Кеңештин депутаты;
7.Курманбеков Ж. -айылдык Кеңештин депутаты;
8.Сартманбетов И.-айылдык Кеңештин депутаты;
9.Ташбаев М.-айылдык Кеңештин депутаты;
10.Каныбеков Н.-айылдык Кеңештин депутаты;
11.Эшиев Исак -Элдин өкүлү;
12.Раев Алмаз-Элдин өкүлү;
13.Шырдаков Нургазы-Элдин өкүлү;
14.Ажыбеков Абдыжапар -Элдин өкүлү;
15.Ажыбеков Алтынбек -Элдин өкүлү;
16.Мамытов Айбек-Элдин өкүлү;
17.Джаркулов Кеңеш-Элдин өкүлү;
18.Ныязбеков Бекмурат -Элдин өкүлү;
19.Акбулаев Абдумитал -Элдин өкүлү;
20.Турдалиев Данияр –Специалист;
21.Мырзалиев Адылбек-Элдин өкүлү;
22.Маатов Бектемир-Элдин өкүлү;
23.Назарбубаев Эрмек -Элдин өкүлү.
2. Жумушчу топ Турцияга барып, жаны технологиядагы заманбап иштеп жаткан фабриканы жеринде көрүп, иш жүзүндө таанышышып, пикир алмашуу менен элге, жаратылышка, жаныбарларга зыяндуулугу жок экенине ишенгенден сон, келгенден кийин Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Тереккан”, “Ашуу”жана “Терек” участкаларына жаны заманбап алтын иштеп чыгаруучу фабрика курууну колдогон Терек-Сай элинин кайрылуусун колдоо боюнча туура чечим чыгарсын.
3. “Эти-Бакыр Терек-Сай” ЖЧК нын өкүлдөрүнө атайын түзүлгөн жумушчу топту Турцияга алып барып, иштеп жаткан жаны заманбап фабриканын технологиясы, иштөө ыкмалары, зыяндуулугунун жоктугу, артыкчылыктары, менен тааныштырып келүү жүктөлсүн.
4. Бултоктомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Терек-Сай айылдык Кенешинин төрагасы И.К.Ажакматовго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|