Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-июну №4
Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Суванованын иштетилбей калган калдыкты атайын каражаттар эсебинен электро энергия статьясына жылдыруу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын 2018-жылдын 1-январына иштетилбей калган калдыкты атайын каражаттар ( СПЕЦ) эсебине 2231 статьясына жылдырып 701 разделинин башкаруу кызматынан 200,0миң сом акча каражатын электро энергия карызына которуп берүү үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|