Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-июну №6
Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын токтомуна ылайык балдар бакчаларынын тамак-аш үчүн норма ар бир балага 18 сомдон бекитилген, Терек-Сай айылдык аймагына караштуу балдар бакчасынын тамак аш үчүн 2019-жылдын бюджеттик долбоорунда 25 сомдон түзүлгөндүгүнө байланыштуу ар бир балага жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7 сомдон каражат бөлүнүп берилсин.
2. Терек-Сай айылдык аймагынын балдар бакчасынын тамак-аш үчүн атайын каражаттар эсебинен ар бир балага 13,05 сомдон каражат бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.СУвановага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|