Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-июлу №4
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Ай-Нуру” м.ч.б.б.уюмунун директору Ч.Баимбетованын бала бакчанын өрт коопсуздугунун алдын алуу үчүн өрт өчүрүүчү каражаттар илинген щиттин жанына 200 литр суу сакталуучу бочка алуу керектиги жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап,Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ай-Нуру” МЧББ уюмуна өрт коопсуздугунун алдын алуу максатында 200 литр суу сакталуучу бочка алуу үчүн 3800 (үч миң сегиз жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ажакматов И.К. |
|
|